12:11 15 ноября 2021

ОшМУда профессор Букарбай Иметовдун 70 жылдык мааракеси белгиленди

ОшМУда 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Букарбай Иметовдун 70 жылдык мааракесине арналган илимий-чыгармачылык кече уюштурулду.

Мааракеге президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаардык мэриясынан, Ош облусунун Билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинен, Ноокат районунун администрациясынан келген атайын өкүлдөр, белгилүү коомдук ишмерлер, жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери, жакын санаалаштары, окутуучулар, студенттер катышты.

Кечеде Букарбай Иметовдун өмүрү, ишмердүүлүгү, чыгармачылыгын чагылдырган видеотасма көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды. Анда Букарбай Иметовдун чыгармаларындагы ырлары, каалоолору, макал-лакаптар жана аффоризмдери искусство факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан аткарылды.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУнун) музыкалык-педагогикалык факультетин аяктаган профессор Букарбай Иметов окуу жайда лаборант, окутуучу, доцент, кафедра башчы, декан, ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректору, университеттин профсоюз комитеттинин төрагасы кызматтарын аркалап, университеттин өсүп-өнүгүүсүндө опол тоодой эмгектерди жасады. Учурда Искуство факультетинин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасында эмгектенип, окутуучуларга, студенттерге улуу устат катары насаат кебин айтып, жол көрсөтүп устаттык улуу жолду улап келет.

ОшМУ менен тагдырлаш болуп, 50 жылдан ашуун өмүрүн окуу жайга арнаган агай «Кыргыз музыкасынын тарыхы», «Манас жана музыка» предметтеринин программасын түзүп, басмадан чыгарган, 30дан ашуун илимий макалалардын автору. Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн 4-класстын «Музыка» окуу китебин түзүп, басмага сунуштаган. «Сендейди биз кайдан гана табабыз», «Тамаша», «Кыргыз – Атам» аттуу илимий популярдуу, сатиралык жана адабий көркөм китептерди жазган. «Ырыспай» аттуу 6 томдук китептин авторлорунун бири болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть