9:44 16 ноября 2021

ЫМУнун бүтүрүүчүсү Бек Орумбаев ЫМУда конок лекцияда болду

2021-жылдын 13-ноябрында Т.Орумбаев атындагы адабият кабинетинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун бүтүрүүчүсү, «Тойбосс» соода маркасынын негиздөөчүсү Бек Орумбаев ЫМУда конок лекцияда болуп, катышуучуларга ата-энеси, бир туугандары, бала чагы, студенттик күндөрү, бизнесте жасаган биринчи кадамдары, бүгүнкү күндө жетишкен ийгиликтери жана алдыга койгон пландары тууралуу айтып берди.

Студенттердин мазмундуу суроолоруна жооп берип, баарлашуу белгиленген мөөнөттөн да созулуп кетти. Бек Орумбаев студенттерге бир да мүнөтүн текке кетирбей, чет тилдерин үйрөнүүгө, көп китеп окууга, замандын талабына жараша креативдүү ой жүгүртүүгө жана эмгекчил болууга үндөдү. Иш-чаранын соңунда окутуучулар жана студенттер Бек Орумбаевге ыраазычылыктарын билдирип, ийгилик каалашты жана келечекте ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу сунуштарын айтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть