12:40 15 ноября 2021

Россиянын Шадринск мамлекеттик педагогикалык университети менен ОшМПУнун окутуучулары тажрыйба алмашты

7-10-ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Окутуудагы заманбап билим берүү технологиялары» аталышында семинар болуп өттү.

Семинар Россиянын Шадринск мамлекеттик педагогикалык университети жана ОшМПУнун окутуучулары ортосунда окуу жайдын Тышкы байланыштар жана инвестициялар департаменти тарабынан уюштурулду.

Иш-чара Россиядагы Илим жана техника жылынын алкагында окутууга, илимий-усулдук саамалыктарда орус тили жана адабиятын, маданиятын жайылтууга багытталган.

Семинарга мектептин, уюмдардын жана университеттин окутуучулары катышып, өз билимдерин кеңейтишип, жаңыча усулдар үстүндө иш алып барууну өздөшүрө алышты.

Семинардын негизги максаты орус тилиндеги сабактарды окутууда мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү, педагогикалык инновациялардын негизинде мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана студенттердин заманбап билим берүү технологияларын колдонуу боюнча билимдерин өркүндөтүү болду. Ошондуктан бул иш-чарада орус тилин окутуудагы заманбап билим берүү технологияларынын теориялык жана практикалык маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп, көйгөйлөр жана перспективалар талкууланды.

Окутуучулар 3 күндүк өз билимин өркүндөтүү сабактарында үйрөнө алышты:

- орус тилин окутуунун салттуу методикасынын өзгөчөлүгү;

- орус тилин окутууда конкреттүү технологияны колдонуунун максатка ылайыктуулугун түшүнүү жана окутууну уюштуруунун принциптери;

- педагогикалык иштерди жана класста балдар менен байланышты туура уюштуруу менен окуучулардын билимине мониторинг жүргүзүү;

- заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу аркылуу орус тилин окутуунун заманбап билимдерин өздөштүрүү жана болочок мугалимдердин практикалык көндүмдөрүн калыптандыруунун өзгөчөлүктөрү.

Жыйынтыгында жалпы катышуучуларга белгиленген формадагы квалификацияны жогорулатуу боюнча сертификаттар тапшырылды.

ОшМПУ жана ШГПУнун алакасы бекем болуп, эки окуу жай ортосунда көптөгөн саамалыктар университеттин Тышкы байланыштар жана инвестициялар департаменти тарабынан уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть