Ош технологиялык университетинде окуу жайдын жетекчилиги жана «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы» кафедрасынын жамааты менен Дүйнөлүк банктын «Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоорунун координаторлору — Агробизнестеги атаандаштык борборунун директору Т.Беков, Дүйнөлүк банктын аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорунун координатору А.Кадыров, Ош шаары боюнча Агробизнестеги атаандаштык борборунун аймактык башчысы Орозали Эсеналиев жана борбордун окутуу боюнча адиси А.Койлубаев менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегация «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы» кафедрасынын окуу жана лабораториялык базасы менен таанышты.
Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлигинин демөөрчүлүгү астында «Ош облусунун жана Ош шаарынын 2021-2026-жылдарга экономикалык өнүгүүсү» программасы боюнча алдыда жасала турган иштер жана көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу эки тараптан тең маалматтар берилип, сунуштар айтылды.
Аталган долбоор тарабынан окуу жайга азык-түлүк коопсуздугунун, заманбап тамак-аш өнөр жай технологияларынын талаптарына ылайык жабдууларды жаңыртуу жана модернизациялоо үчүн максаттуу инвестициялоо пландаштырылууда.