Ош технологиялык университетинин Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин «Компьютердик лингвистика» кафедрасы тарабынан 17-ноябрь — Эл аралык студенттердин күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
Кечеде студенттердин майрамына арналып атайын салтанат, 1-курстарды студенттикке кабыл алуу кечеси биргеликте өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жай жетекчиси баштаган эмгек жамаат жана жалпы студенттер катышып, майрам ээлеринин урматына өнөрпоз, чыгармачыл жаштардын таланттары тартууланды.
Иш-чараны окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Жумакадыр Матисаков ачып, жалпы студенттерди кызуу куттуктоо менен окуудагы, коомдук маданий иштердеги алдыңкы студенттерге жана факультеттер аралык 1-курстардын ортосунда өткөрүлгөн спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө ОшТУнун ардак грамотасын, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырып өттү.
«Компьютердик лингвистика» кафедрасынын «лингвистика жана компьютердик лингвистика» багытында окуп жаткан студенттери дүйнөнүн бир канча тилдеринде куттуктоолорду айтышты. Бул багытта билим алып жаткан студенттер бир эле англис тили эмес, кытай, корей, орус, өзбек тилдерин бирдей окушат.