17:09 16 ноября 2021

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Азыркы дүйнөдөгү илим: абалы, келечеги» аттуу эл аралык конференция өттү

Кыргызстандын 30 жылдыгына, 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Азыркы дүйнөдөгү илим: абалы, келечеги» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Бүгүнкү күндүн шартында илимий конференцияга Казакстандын окумуштуулары онлайн режиминде катышты. Ал эми Өзбекстандын окумуштуулары, КРнын башка аймактарындагы окуу жайлардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышкан салттык режимдеги конференция Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин куттуктоо сөзү менен башталды.

Пленардык жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү кыргыз интелегенциясынын орду, дүйнөлүк илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу баяндамалар окулду. Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын 30 жыл аралыгындагы коңшулаш өлкөлөр менен болгон ар тараптуу алакасы талкууга алынды. Өлкөдөгү илимдин бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу кенен айтылды.

Пленардык жыйындан кийин 4 багыт боюнча секциялык иштердин жүрүшү менен конференция өз ишин улантты. Анда белгиленген багыттар боюнча баяндамалар окулуп, кызуу талкуулар жүрдү.

Андан соң илимий-практикалык конференциянын катышуучулары жалпы жыйынга чогулушту. Мында белгиленген илимий иш-чара өз максатына жеткендиги белгиленди.  Жалпы катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынып, илимий конференция жыйынтыкталды.

Кыргыз-Өзбек эл аралык университети жыл сайын Илим күнүн белгилеп, республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү салтка айланткан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть