17:36 18 ноября 2021

ОшТУнун окутуучулары кесипкөйлүгүн жогорулатышты

Ош технологиялык университети Еrasmus+ долбоорунун алкагында Борбордук Азияда Big Data Intelligence (ELBA) программасы боюнча, Евробиримдиктин талаптарын канаатандырган өнөктөш өлкөлөрдүн билим берүү министрликтери жана жогорку окуу жайлары менен кызматташып, алгылыктуу иштерди алып барып барууда.

Бул долбоордун негизги максаты:

• Билим берүү мекемелерин, бизнес чөйрөсүн ЕБ тажрыйбасынын негизинде жогорку эффективдүү заманбап чоң маалыматтарды иштетүүчү (IBDA) каражаттары менен камсыздоо жана «Санарип Кыргызтан» программасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу;

• IBDA чөйрөсүндө жогорку кесипкөй адистерди даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

2020-2021 календардык жылдары үчүн долбоордун алкагында бир канча окуу курстары каралган жана профессордук-окутуучулук курамдан атайын адистештирилген топтор түзүлгөн.

Алгачкы иш сапар Сантьяго-де-Компостелла университетинде (Испания) болуп өттү. Ош технологиялык университетинин атынан «Маалымат технологиялары жана башкаруу» кафедрасынын доценти Кокозова Айнагүл, «Информатика» кафедрасынын ага окутуучусу Бекташева Роза, «Информатика» кафедрасынын магистранты, окутуучу Кулматова Нурила эки жумалык окуу курсуна чакыртылып, тажрыйба топтоп келишти.

Иш сапарлардын жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Big Data Mining (IBDA) программасынын инженердик адистеринин академиялык потенциалын жогорулатууга багытталган «Чоң маалыматтарды интеллектуалдык талдоо боюнча» модулдук курстардын дисциплиналар аралык пакети иштелип чыкмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть