11:16 19 ноября 2021

ОшМПУда Студенттер күнү белгиленип, алдыңкылар сыйланды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнү белгиленип, майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Жаштыктын демин алып жүргөн студенттер алгач концерттик программа тартуулап, көркөм окуу окушту. Бул менен бирге эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы да чыгармаларын аткарып, окуу жайдын студенттерин майрамы менен куттуктап өттү.

Андан соң университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдык кече сыйлоо аземи менен уланды.

Окууда жана коомдук иш-чараларда дилгирлик көрсөтүп, ийгилик жаратып келе жаткан студенттер ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Бул менен бирге спорт тармагында спартакиада, мелдештерде мыкты жетишкендиктерге жеткен студенттерге кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, түрдүү саамалыктарда окуу жайдын намысын коргогон активдүү студенттерге окуу жайдын атынан сыйлыктар берилди.

Ошондой эле ОшМПУнун тарыхчысы, философ маркум Турсун Абжаловдун урматына үй-бүлөсүнүн атынан тарых адистигинде билим алган 2 студентке 5000 сомдон стипендия ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть