11:29 19 ноября 2021

ОшМЮИнин окутуучулук жамааты квалификациясын жогорулатты

2021-жылдын 16-ноябрында Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучулук курамы Ж.Баласагын атындагы КУУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин «Педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү» курсун ийгиликтүү аяктаганы үчүн квалификациясын жогорулатуу тууралуу сертификат алды.

Окуу курсу 1 ай —13-октябрдан 11-ноябрь аралыгында — «Педагогика в высшей школе», «Психолоия», «Критическое мышление», «Этика в педагогике», «Риторика. Техника речи», «Интерактивные компьютерные технологии», «Организация учебного процесса на основе кредитно-модульной системы» окуу программалларынын негизинде жүргүзүлдү.

Сертификаттарды тапшыруу аземине КУУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканынын орун басары Айсулуу Парманасова, магистратура бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Дооранов жана квалификация жогорулатуу программасынын жетекчиси Жамиля Атыканова катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть