17:13 19 ноября 2021

ОшМПУда таяк тартыш боюнча ачык чемпионат өттү

Ош мамлекеттик пелагогикалык университетинде окуу жай менен биргеликте КРнын Таяк тартыш федерациясы тарабынан таяк тартыш боюнча Ош облусунунун 1-ачык чемпионаты өткөрүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укукткк өкүлүнүн орун басары Данияр Имангазыев жана Таяк тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков катышты.

Аталган чемпионат Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Ага Бишкек шаары, Баткен облусу жана Ош облусунун райондорунан келген спортчулар жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чаранын башкы максаты спорт чөйрөсүн кеңейтүү, облустар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаш спортчуларды шыктандыруу болуп саналат. Бул менен бирге спорттун таяк тартыш түрүн жайылтууга да багытталат.

Мелдеште жалпы кыздар жана балдардан куралган 8 команда ат салышып, жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик университетинин, 2-орунду ОшМПнун колледжи ээледи. Ал эми 1-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы багындырып, жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Республикалык деңгээлде таяк тартыш боюнча ачык чемпионат жыл сайын 3 ирет өткөрүлүп турат. Учурда таяк тартыш өлкөдө популярдуу спорттун түрүн толуктап, жаштар арасында кенен жайылууда. Чемпионаттын кийинки туру Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть