15:22 19 ноября 2021

ОшТУда иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү

Ош технологиялык университетинде иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу архитектура жана курулуш факультети тарабынан уюштурулуп, аталган иш-чарага «Нурзаман групп» курулуш компаниясынын өкүлдөрү, факультеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Келген коноктор өздөрүнүн тажрыйбалары, кеңештери менен бөлүшүп, студенттерди мыкты кесипкөй адис болууга чакырды. Студенттердин эл аралык күнү менен куттуктап, белектерин ыйгарышты.

Иш берүүчүлөр студенттерди билим алуу үчүн эмнеге умтулуу керектигин, убактыларын туура бөлүштүрүү, долбоорлорго активдүү катышуу, чет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайларда стажировкалардан өтүү, чет тилдерин, маалыматтык технологияны терең өздөштүрүү, студенттердин өз алдынча иштөөдө эмнеге көңүл буруу зарылчылыктарын айтып өтүштү.

Иш-чара суроо жооп менен коштолуп, студенттер жана окутуучулар берген суроолоруна жооп алуу менен кызыктуу өтүп, аларга чоң мотивация болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть