Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы, айыл чарба илимдеринин доктору, ОшТУнун профессору Нурланбек Танаков Казахстандын Алматы шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы жеке сектор менен билим берүү мекемелеринин кызматташтыгы» аттуу эл аралык конференцияга катышууда.
Аталган конференцияга Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана ишкерлер катышып, өз ишмердүүлүктөрү боюнча маалымат берип, баяндама жасашууда.
Конференция тажрыйба алмашуу жана бирдиктүү иш планды иштеп чыгуу максатында уюштурулуп, жеке сектор менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы туруктуу кызматташуу тууралуу маселелер талкууланды.