21:01 23 ноября 2021

Ысык-Көл университетинин колледжи Нарындын колледждери менен кызматташат

2021-жылдын 12-13-ноябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин ЦИКЛ башчылары А.Мусаева, Г.Текебаева жана А.Сарбанова Нарын шаарынын С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин колледждерине жана Нарын медициналык колледжине тажрыйба алмашуу жана кызматташуу пландарын талкулоо максатында иш сапарга барышты.

Жолгушуулардын алгачкысы Нарын мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Н.Чоробаева менен кезигүүдөн башталды. Андан соӊ К.Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледж жана Агрардык техникалык экономикалык колледждин директорлору К.Султаналиев, Жаныбек уулу Рысбек менен жолугуп, колледждер аралык ички мобилдүүлүк программасы боюнча меморандум түзүлүп, колледждердин жамааты жана студенттери менен кезигип, иш кагаздары менен таанышты.

Экинчи күнү Нарын медициналык колледждин иши менен жакындан таанышышты. Колледждин директору Төлөгүл Батыркановна окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен тааныштырып, кенен маалымат берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть