21:09 22 ноября 2021

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Студенттер күнү белгиленди

2021-жылдын 19-ноябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Толкун» маданий-эстетикалык борборунда Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү белгиленди.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева жана окуу жайдын ректору Аскар Иманбаев катышып, студенттерди майрамы менен куттуктап, алдыңкы студенттерге ардак грамоталарды, ыраазычылык баракчаларды тапшырышты.

«Мыкты студент» деген төш белгиге татыктуу болгон 10 студент күбөлүк менен кошо 5 миң сом акчалай сыйлыкка татыктуу болушту. Мындан сырткары, 10 студент 6 ай бою ректордук стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чаранын алкагында Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата өткөрүлгөн 5 айлык жыйынтыкталып, мыкты ролик, мыкты көркөм окуу, мыкты дилбаян ээлерине дипломдор тапшырылды.

Ошондой эле 1-курстардын арасында өткөрүлгөн спартакиаданын жыйынтыгы менен спорттун 7 түрү боюнча ректордун койгон 50 миң сом байгелери жеңүүчүлөргө тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть