17:39 26 ноября 2021

ОшТУда Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Ош технологиялык университетинде көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахмановдун жана Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына, ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Эгемен Кыргызстан: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги» атту эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган конференцияга Азербейжандын, Тажикстандын, Казакстандын окумуштуулары онлайн режиминде, ал эми Өзбекстандын окумуштуулары, Кыргызстандын башка аймактарындагы окуу жайлардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Конференция ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, доцент Жумакадыр Матисаковдун куттуктоо сөзү менен башталды.

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө улуу инсандардын тарых жараткан эмгектери элдин түбөлүк болушун шарттайт. Эгемендүүлүк шартында өткөндү эскерүү менен келечекке карай багыт алуу азыркы муундун негизги милдети болуп саналат. Бул максатта аталган илимий иш-чарага коңшулаш жана алыскы чет өлкөлөрдөн өздөрүнүн илимий баяндамалары менен илимдин кандидаттары, докторлору катышты. Ар бир жазылган илимий макала бүгүнкү күндөгү муундун тарых барактарында калып кеткен улуу инсандардын эмгегин эскерип, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндөгү алардын аракеттерин баалоого багытталган. Мындан сырткары, өлкөнүн ушул күнгө жетишинде орун алган ар кандай коомдук, тарыхый окуяларга баа берилип, аларды тарых илиминдеги ордун аныктоого аракеттер көрүлүүдө. Анткени ар бир жүз берген окуя тарых болуп эсептелип, убакыт өткөн сайын алардын ар бири кандайдыр бир коомдук өзгөрүүнүн башаты болуп калышат.

Илимий конференцияга 150дөн ашык илимий макала жазылып, 4 секцияда окулду.

Жыйынтыгында жалпы катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынып, илимий конференция жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть