25-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинин Америка маалымат-ресурстук борбору «Рахмат айтуу күнү» (Thanksgiving Day) майрамын белгилешти.
Иш-чара Америка маалымат-ресурстук борборунда окуп жаткан студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.
Бул майрамды Америка Кошмо Штаттары мамлекеттик майрам катары белгилеп келет. Бул майрам өлкөдө абдан популярдуу майрамдардын бири болуп саналат.