10:34 26 ноября 2021

ОшМПУда Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстановдун эмгектери эскерилди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде тарых барагындагы беделдүү инсандар Жусуп Абдрахманов жана Касым Тыныстановдун эмгектери эскерилди.

Окуу жайда республикалык деңгээлде «Мамлекетүүлүккө карай тарыхый кадам: Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов» аталышында илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференциянын ачылуу аземинде куттуктоо сөздөрү айтылып, аны улай көрүнүктүү тарыхый инсандардын тарыхый тагдырын чагылдырган документалдык тасма көрсөтүлдү.

Андан соң иш-чара пленардык жыйын менен коштолуп, мында жалпы 6 баяндама жасалды.

Пленардык жыйындын соңунда бир канча суроолор талкууланып, ары карай секциялык иштерге бөлүнүштү. Мында Ж.Абдрахманов жана К.Тыныстановдун ишмердүүлүгүнө, руханий мурастарына жана алардын эмгектерине тарыхый баа берүү багытында даярдалган макалалар окулду.

Ошондой эле учурдагы гуманитардык, табигый жана так илимдердин актуалдуу маселелери тууралуу да баяндамалар жасалып, секциялык иштердин жыйынтыгы менен конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Соңунда конференциянын активдүү катышуучуларына жана мыкты макала ээлерине сертификаттар таптышырылып, иш-чара жыйынтыкталды.

Конференция Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 11-февралындагы «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө» жөнүндө жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана алгачкы кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата окуу жайдын «Кыргыз тили жана адабияты», «Тарых» кафедралары тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть