17:35 26 ноября 2021

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты «Жетекчи менен бир саат» долбоорунун кезектеги иш-чарасын уюштурду

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан 25-ноябрда «Жетекчи менен бир саат» долбоорунун кезектеги иш-чарасы уюштурулду.

Кеченин коногу — окуу жайдын студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жылдыз Артыкова «Студенттин жүрүм-туруму» темасында баарлашты.

«Долбоордун негизги максаты ар бир айда студенттер менен ректоратта, деканатта иштеген агай-эжекелердин ортосунда баарлашуу уюштуруу болуп саналат. Мында студенттер конок болуп келген сыймыктуу агай-эжекелердин ийгиликтерин угуп, суроолоруна жооп алышат. Бүгүнкү жолугушууда да студенттер адептүү, билимдүү, эмгекчил болууга, убакытты туура пайдаланууга жана келечекке туура максат коюга мотивациялык кеңештерди алышты», - деди ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы Бекжан Жумабаев.

Бул долбоорго коноктор жалпы студенттердин сунушу боюнча келишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть