13:29 26 ноября 2021

Дене тарбия жана спорт академиясы менен Түштүк Казахстан университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду

24-ноябрда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы менен М.Ауэзов атындагы Түштүк Казахстан мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүү, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердикте кызматташуулар жөнүндө келишимге кол коюлду.

Аталган жогорку окуу жайлардын ортосунда өнөктөшүүнү мындан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатындагы келишимде илимий борборлор, институттар жана лабораториялар базасында биргелешкен долбоорлордун алкагында илимий-изилдөө, фундаменталдык жана прикладдык иштерди жүргүзүү, биргелешкен кесиптик билим берүү, илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайра даярдоо, квалификацияларды жогорулатуу программаларын ишке ашыруу, табигый, так, техникалык, коомдук жана гуманитардык илимдер багытында прикладдык, ошондой эле илимий-изилдөө иштери аткарылары талкууланды.

Эки окуу жайдын меморандумга кол коюу аземине Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.Азизбаев, мамлекеттик тил боюнча проректор, ф.и.к. А.Карымшаков, илимий иштер боюнча проректор п.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Н.Абдыбекова, педагогика жана спорттун улуттук түрлѳрү факультетинин деканы, п.и.к. А.Айбалаев, аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультетинин деканы, б.и.к., доцент Б.Абдрахманов, машыктыруу факультетинин деканы У.Деркембаев, эл аралык байланыштар бѳлүмүнүн башкы адиси, т.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Р.Сабиров, М.Ауэзов атындагы Түштүк Казахстан мамлекеттик университетинин профессору, эл аралык калыс, Казахстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Юнус Таиров, дене тарбия кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ахан Демеуов катышты.

Мындан сырткары, эки окуу жай бирге илимий долбоорлор менен окуу куралдарды бирге басып чыгаруу, студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын илимий стажировкасы, профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташууну талкуулашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть