16:43 26 ноября 2021

ОшТУда экономика жана башкаруу факультетинин күнү белгиленди

26-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин күнүн белгилөө мааракеси өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чара ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, доцент Жумакадыр Матисаковдун куттуктоо сөзү менен башталып, келген коноктор куттуктоолорун айтышты.

Майрамдык салтанатка окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, факультеттин бүтүрүүчүлөрү, студенттери жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп жана лицей окуучулары арасында өткөрүлгөн «Менин кесибим — менин келечегим» аттуу дилбаян сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Ош технологиялык университетин бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү күндөгү ийгиликтери үчүн университеттин жамаатынын атынан куттукташты. Ошондой эле аларга университет менен тыгыз байланышып, кадр даярдоодо көмөк көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн ыраазылык билдирилди. Салтанаттын окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, майрамдык маанай тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть