Ош технологиялык университетинде «Алтын күз» аталышында жармаңке уюштурулду.
Жармаңке окуу жайдын кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин «Компьютердик лингвистика» кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Анда студенттердин колунан жасалган даамдар, жер жемиш, мөмө жемиштер арзан баада сатыкка коюлуп, чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.