14:36 1 декабря 2021

ОшТУда факультеттер аралык XXII cпартакиада болуп өттү

Ош технологиялык университетинде факультеттер аралык XXII cпартакиада болуп өттү.

Жыл сайын салтка айланган бул мелдешке университетте билим алып жаткан биринчи жана акыркы курстардын студенттери катыша алышат.

Келечекте окуу жайдын спорттук мелдештерде намысын коргоочу курама командага тандап алуу бул спартакиаданын жыйынтыгы менен аныкталат.  Мындан сырткары, студенттерди дени сак жашоо образын түзүүгө чакыруу, адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдоо жана студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп эсептелет.

Мелдештин жүрүшүн ОшТУнун дене тарбиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана «Намыс« спорт клубунун жетекчилиги көзөмөлгө алып, калыстык кылышты. Факультеттин намысын коргогон студенттер өздөрүнүн спортко болгон шык-жөндөмдөрүн көрсөтүп, күч сынашыы.

Спорттук иш-чаранын жыйынтыгында 1-орунду технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, 2-орунду архитектура жана курулуш факультети, ал эми 3-орунду кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенттери камсыз кылышты.

Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга ардак грамоталар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле келечекте окуу жайдын намысын спорт боюнча коргой турган мыкты спортсмен студенттерге спорттук формалар берилди. Сыйлоо аземинин жүрүшүндө окуу жайдын студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть