17:14 2 декабря 2021

Дипакадемияда Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү

2021-жылдын 30-ноябрында Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракесине арналган тегерек стол болуп өттү.

Модератор Дипакадемиянын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Алмагүл Абдыкалыкова болду.

Тегерек столду куттуктоо сөзү менен Дипакадемиянын проектору, т.и.д., профессор Зайнидин Курманов ачты.

Негизги баяндамалар менен Дипакадемиянын проректору, т.и.д., профессор Зайнидин Курманов, «Эркин-Тоо» гезитинин журналисти, филология илимдеринин кандидаты Сымбат Максутова чыгышты.

Лекциянын жүрүшүндө Сымбат Максутова Дипакадемиянын студенттерине Касым Тыныстанов — тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору жөнүндө кеңири айтып берди.

Тегерек столдун ишине Дипакадемиянын окутуучулары жана студенттери катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть