Ош технологиялык университетинин стдуденттер үйүнүн жашоочулары арасында «Кош жылдыз» сынагы болуп өттү.
Мында студенттер үйүнүн 6 бөлүгүнөн 6 команда, башкача айтканда, 1 жигит, 1 кыздан турган командалар өз таланттарын көрсөтүштү.
Сынактын шартына ылайык, ар бир команда ыр айтышып, бийлеп, чыгармачылыктарын тартуулашты. Студенттер үйүнүн директору, ОшТУнун социалдык өнүктүрүү департаментинин директору, декандар, окутуучулар жана студенттер кош жылдыздардын таланттарына күбө болушту.
Иш-чара жаштардын маданий эс алуусун жакшыртуу, мекенди сүйүүгө чакыруу жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Жыйынтыгында 1-орунду Курманбек Дүйшенбиев жана Гүлжигит кызы Айсезим, 2-орунду Рустамов Мурат жана Анварова Муслима, ал эми 3-орунду Эркинбек кызы Жумагүл жана Эдилбаев Үсөнбек ээлешти.
Жеңүүчү командаларга университет жетекчилиги тарабынан дипломдор, ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.