8:34 2 декабря 2021

ЫМУнун колледжинде педагогикалык практикага багыт берүүчү конференция болуп өттү

2021-жылдын 26-ноябрында «Башталгыч класстарда окутуу» жана «Чет тили» адистиктеринин 2-курсунун студенттерине педагогикалык практикага багыт берүүчү конференция болуп өттү.

Конференцияга ЫМУнун практика жана жумушка орноштуруу боюнча адиси Ж.Такырбашева, И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин окутуучусу Д.Давлетова, практика жетекчиси Н.Молдосанова, Каракол шаарындагы №5 орто мектебинин башталгыч класстарынын методисти Б.Алиева, Каракол шаарындагы №1 инновациалык гимназия мектебинин мугалими К.Айткулиева жана Ак-Суу районунун З.Сооронбаева атындагы Жолголот орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Ө.Өмүркалиева катышып, студенттерге практика боюнча кеңири маалымат берип кетишти. Келген коноктор колледж менен мектептердин ортосундагы тыгыз байланыш дайыма болоорун жана буга чейин болуп келгендигин баса белгилеп кетишти. Студенттердин практикасына ийгилик каалап, аталган мектептерге педагогикалык практикага келүүгө чакырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть