12:41 2 декабря 2021

ОшМЮИнин жаш окутуучулары үчүн «Лекцияны даярдоо ыкмасы» аттуу мастер-класс өткөрүлдү

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун «»Конституциялык жана муниципалдык укук» кафедрасынын окутуучулук жамааты 2021-жылдын 1-декабрында «Лекцияны даярдоо ыкмасы» аттуу мастер-класс өткөрдү.

Мастер-класска ОшМЮИнин ректору, профессор Э.Токторов, илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору, т.и.д., профессор Б.Абытов, инновациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча проректору, т.и.к. профессордун милдетин аткаруучу А.Акматова жана ОшМЮИнин окуу департаментинин башчысы З.Аскаров катышты.

ОшМЮИнин ректору, професор Э.Токторов мастер-классты ачып берип, учурда окутуучулардын жаңы жана сапаттуу ыкмаларды колдонуп билим берүүсүнө талап жогору экендигин белгилеп кетти.

«Конституциялык жана муниципалдык укук» кафедрасынын окутуучулары, катышуучу окутуучуларга мастер-класстын программасында көрсөтүлгөн «Лекцияны даярдоо ыкмалары», «Бинардык лекция», «Визуалдык лекция», «Пресс-конференция ыкмасын колдонуу менен обзордук лекция» жана «Консультациялык лекциялар» тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Мастер-класстын жүрүшүндө бир катар ойлор айтылып, «Конституциялык жана муниципалдык укук» кафедрасынын башчысы, ю.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Ш.Бакирова жыйынтыктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть