15:48 3 декабря 2021

Өзгөн институтунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн «Биз биргебиз» иш-чарасы уюштурулду

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн «Биз биргебиз» аттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага райондогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов жана анын орун басары Д.Жаныкулов, Өзгөн районунун акими М.Раматов жана анын орун басары Р.Мырзакулов, Өзгөн районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын баалуу белектери тапшырылып, майрамдык концерт менен коштолду.

Ал эми институтта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 2 студентке акчалай жардам көрсөтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть