3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студенттик комитети кайрымдуулук жарманкесин уюштурду.
Бул жарманкенин артыкчылыгы — ар бир факультеттин студенттик уюмунун жетекчилери өздөрү демилге көтөрүп, ысык чай, кофе жана тез татымдарды жасап келип, түшкөн акча каражаттарын окуу жайдагы мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге таратып беришти.
Өткөрүлгөн жарманкени студенттер, профессордук-окутуучулар жамааты колдоого алышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Студенттик комитет иш-чара ушуну менен эле чектетилип калбастан, мындан ары дагы көптөгөн жарманкелер, иш-чаралар өткөрүлө тургандыгын билдиришти.