13:53 6 декабря 2021

ОшМПУнун «Жаратман» чыгармачылык борборунун отчеттук концерти тартууланды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Жаратман» чыгармачылык борборунун 10 жылдык мааракесине карата отчеттук концерт болуп өттү.

Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана «Жаратмандын» мүчөлөрү, Ош шаарындагы чыгармачыл топтордун жетекчилери борбордун жаңы ачылган канаасына баш багышты. Андан соң топтун «Тирек» кол өнөрчүлөр клубунун мүчөлөрүнүн кол өнөрчүлүгүнө, сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту.

Иш-чаранын расмий бөлүгү жыйындар залында болуп, жаратмандар өз чыгармачылыктарын тартуулашты. Алгач аталган борбордун 10 жыл аралыгында аткарган иш-аракеттери, жетишкен ийгиликтери баяндалган отчеттук ролик көрсөтүлдү.

«Жаратмандын» курамындагы «Дүбүрт» адабий клубу, «Жаратман» бийчилер тобу, жана таланттуу мүчөлөрү поэзия мүнөттөрүндө ыр окуп, бий бийлеп, ырдашып, тамашалуу сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.

Ошондой эле буга чейин жарыяланган 1 айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарышып, ага активдүү катышкан чыгармачыл топтор жана ЖОЖдордун Жаштар комитететтери баалуу белектер менен сыйланышты. «Жаратманга» жакындан колдоо көрсөтүп, кызматтагы өнөктөштөргө ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды.

«Жаратман» чыгармачылык борбору 2011-жылдын 25-ноябрында негизделген. Ошол күндөн тарта «Адамдыкка сапар» дилмаек сериясы ар жуманын ишемби күндөрү студенттерге мотивациялык семинарлар белгилүү инсандар жана тренерлер тарабынан өткөрүлүп келди. Окуу жайдын босогосун аттаган студенттерди туура багытка буруп, окуудан тышкары чыгармачылыктарын өнүктүрүү максатында түрдүү саамалыктарды уюштуруп келе жатат. Учурда «Жаратмандан» тарбияланып чыккан бир топ мүчөлөрү республиканын, дүйнөнүн ар бурчунда мыкты кызматтарды аркалап, жаратмандык менен жигердүү иштеп келишүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть