15:09 6 декабря 2021

КМУнун география, экология жана туризм факультетинде конок лекция өткөрүлдү

И.Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинин базасында Илим күнүнө арналган иш-чара факультеттин деканы, профессор Т.Чодураев, профессор А.Эргешов, илимий иштер боюнча жооптуу, доцент Г.Садыкованын уюштуруусу менен өткөрүлдү.

Иш-чарада Кыргызстандагы токой жана жер колдонуучулар ассоциациясынын башчысы, КРнын жаратылышына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын токой кызматынын ардактуу токойчусу Айткул Бурханов студенттерге Кыргызстандагы токойлордун абалы, токойлорду жана жерлерди туура пайдалануу боюнча лекция окуду. Андан кийин факультеттин студенттери тарабынан география, экология жана туризм багыттарындагы актуалдуу маселелер боюнча баяндамалар окулду.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы «Креатив» орто мектебинин окуучулары да катышты.

Натыйжада коюлган талаптарга жооп берген 3 илимий баяндама мыкты деп табылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть