17:19 8 декабря 2021

Академик Бектемир Мурзубраимов ОшТУнун «Даанышман» медалы менен сыйланды

Ош технологиялык университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов «Даанышман» медалы менен сыйланды.

«Даанышман» медалы педагогикалык багытта көп жыл эмгектенип, кадр даярдоодо өз билимин жана күчүн жумшаган, илим чөйрөсүндө көптөгөн ийгиликтерди жараткан инсандарга ыйгаруу үчүн Ош технологиялык университети тарабынан негизделген. 

Бектемир Мурзубраимов жаш кезинен илимге болгон кызыгуусу менен биротоло өзүнүн аракетин илимге арнап, илимдин татаал жолун басып өтүп, кыргыз илимин эл аралык деңгээлде таанытууга зор күч жумшаган. Анткени агайдын илимий баяндамалары бир канча алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жарык көрүп, бир канча илимий долбоорлордун ишке ашышына түрткү болду.

Бектемир Мурзубраимов Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп, бир нече мыйзамдардын ишке ашырылуусуна өз салымын кошкон. Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү Бектемир Мурзубраимовду сыйлоо аземине катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть