17:56 7 декабря 2021

ОшТУда Россия жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү уюштурулду

Ош технологиялык университетине Россиянын 12 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү келип, өздөрүнүн окуу жайлары жөнүндө маалымат берүү максатында көргөзмө өткөрүштү.

Бул иш-чаранын негизги максаты эки элдин ортосундагы ар тараптуу байланышты чыңдоо жана достукту, ынтымактыкты бекемдөө болуп саналат.

ОшТУ бир топ жылдан бери алыскы жана жакынкы чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташып келет. Алардын ичинен Россия мамлекети менен академиялык мобилдүүлүк боюнча көп долбоорлор ишке ашырылган. Окуу жайда билим алып жаткан студенттер Россиянын жогорку окуу жайларында мобилдүүлүк программасы боюнча өз билимдерин өркүндөтүп келишет жана профессордук-окутуучулук курам дагы өз кезегинде эки өлкөнүн окуу жайларында тажрыйба алмашуу максатында атайын окуулардан өтүшөт, ар кандай семинарларга катышат.

Ал эми иш-чара Россиянын жогорку окуу жайлары тууралуу студенттерден сырткары, орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына дагы кеңири маалыматтарды берүү максатында уюштурулду. Ага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, орто мектептердин директорлору, ата-энелер жана студенттер, окуучулар катышты.

Көргөзмө «Демилге kg» коомдук фондунун демилгеси жана Ош технологиялык университетинин уюштуруусу менен ишке ашырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть