21:04 6 декабря 2021

КМУда студенттерге СПИДдин зыяндуулугу тууралуу маалымат берилди

30-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУда 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата студенттер менен университеттин медициналык бөлүмүндө эмгектенген медицина кызматкерлеринин жолугушуусу уюштурулду.

Жолугушууда медицина кызматкерлери студенттерге СПИДдин зыяндуулугу тууралуу кеңири маалымат беришти. Тактап айтканда, СПИД алгач адамга жукканда адам кандай абалда болорун, андан сактануунун жолдору кандай экендигин түшүндүрүштү.

Студенттер медицина кызматкерлерине кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

И.Арабаев атындагы КМУда СПИДден сактануунун эрежелери студенттерге дайыма түшүндүрүлүп келет. Окуу жайдын медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери бул багытта жигердүү иш алып барышат. СПИД илдети Кыргызстанда күч алуунун үстүндө экенин адистер белгилешет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть