17:52 7 декабря 2021

Кыргыз-Өзбек университетинде СПИДдин алдын алууга багытталган иш-чара уюштурулду

29-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Медициналык колледжи тарабынан 1-декабрь — СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата «СПИДсиз жашоо — жаркын келечек» аталышында бир жумулык жарыяланган. 30-ноябрь күнү жумалыктын алкагында тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столго Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, Медициналык колледждин директору Равшан Жумаев, Ош шаардык СПИДге каршы күрөшүү борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Сабыр Ташболотов, Ош облустар аралык наркология борборунун нарколог-дарыгери Анаркан Тилекчиева, Ош облустар аралык тери жана венерологиялык борборунун дарыгери Абдукахар Маматисаков жана окутуучулар жамааты, студенттер катышты.

Ош шаардык СПИДге каршы күрөшүү борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Сабыр Ташболотов тегерек столдо СПИД оорусунун тарыхын, келип чыгуу жолдорун айтып, оорудан кантип сактануу керектиги тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Андан сырткары, атайын чакырылган дарыгерлер өздөрүнүн профилине жараша СПИД илдети боюнча кенен токтолушуп , студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Медициналык колледждин студенттери Жаркынбай кызы Мээрим жана Айбек уулу Нурсултан СПИД тууралуу өздөрүнүн баяндамаларын жасашты.

Соңунда Медициналык колледждин директору Равшан Жумаев келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, ден соолугубузга кам көрүп, жаман илдеттен оолак бололу деген каалоосу менен иш-чараны жыйынтыктады.

Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Иш-чаранын негизги максаты ооруу тууралуу түшүнүктү студенттерге, жаштарга жеткирип, бул коркунучтуу оорунун алдын алуу болуп саналат.

Жумалыктын алкагында тарбиялык жана ачык сабактар, куратордук сабактар уюштурулуп, дубал гезиттер сынагы жарыяланган.

СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө арналган жумалык 3-декабрда жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть