17:23 7 декабря 2021

ОшМУда «Манас күнү — улуттун күнү» деген темада семинар өткөрүлдү

ОшМУда 2-декабрда кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасы «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас күнү — улуттун күнү» деген темада семинар өткөрдү.

Семинарда филология илимдеринин докторлору Гулина Жамгырчиева ««Манас» эпосунун учурдагы коомдук мааниси жана изилдөө иштери», Бактыгүл Темирова ««Манас» эпосу менен кыргыз адабиятынын карым-катышы», доцент Абдумиталип Мурзакметов ««Манас» дүйнөсүнүн сырлары» деген темаларда баяндама жасашты.

Семинардын алкагында «Манас» эпосунун күнүнө арналган көргөзмө уюштурулду. Көргөзмө кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдимиталип Мурзакметовдун жеке китепканасынан алынып келинген. Анда 130дай «Манас» эпосуна байланышкан баалуу томдуктар, китептер, тексттер, монографиялар, окуу программалары, сувенирлер, чөнтөк календарлары, төш белгилер коюлду. Ошондой эле Саякбай Каралаевдин 5036 беттен турган 4 томдугу, Жусуп Мамайдын 8 томдугу сыяктуу баасы да, баркы да баалуу китептер коюлду.

Аталган иш-чара кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан окутуучуларга, студенттерге «Манас» эпосунун күнүн таанытуу, «Манас» эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтууга чакыруу, даңазалоо максатында уюштурулду.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть