17:18 7 декабря 2021

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты адам укуктары боюнча конференция өткөрдү

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты «10-декабрь — Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнү, Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун иш-аракеттери» деген темада конференция өткөрдү.

Иш-чараны ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова ачты.

Конференцияга Кыргызстан акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамбет Касымов, өкүлчүлүктүн эксперти Талантбек Тургунбаев, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча эксперти Улукбек Абдулазизов, ОшМУнун юридика факультетинин окутуучусу Советбек Миңбаев катышты.

Коноктор студенттерге Акыйкатчы институтунун орду жана иш-аракеттери, адам укуктары, милдеттери боюнча айтып, Адам укуктары боюнча декларация менен тааныштырган презентацияларын жасашты. Студенттер менен биргеликте теманын алкагында талкуу болду.

Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Окуу жайдын студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу, студенттерди укуктук жактан агартуу иш-аракеттерин алып барат.

Конференция 10-декабрь — Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнүнө карата өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть