20:02 6 декабря 2021

ОшМУда «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинде 2021-жылдын 30-ноябрында «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү.

Конференцияга түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардан, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы окуу жайлар, БатМУ, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана студенттери онлайн катышышты.

Пленардык жыйында ОшМУнун студенти Авазбеков Бектурсун «COVID-19 менен ооруган бейтаптардын компьютердик томографиясынын маалыматтарынын радиациялык жана дифференциалдык диагностикасы», БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенти Канимет Токсонбаева «Элдик ырлардагы жаш муундарды тарбиялоо идеялары (Сүлүктү жана Лейлек чөлкөмдөрү боюнча)», К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенти Актан Айтикулов «Развитие креативной экономики в регионах Кыргызской Республики», Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин студенти Элнура Жоробекова «Талибан кыймылы жана анын азыркы учурдагы коркунучу» деген темаларда баяндамаларды жасашып, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Конференциянын иши илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 16 секцияда уланды.

«Аймактык студенттик илимий конференция ОшМУда салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын максаты — студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт. Конференцияга 400гө жакын илимий макалалар түшүп, алар пленардык жана секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды», - деди аспирантура бөлүмүнүн башчысы, конференциянын уюштуруучусу Гүлжамал Анарбаева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть