19:59 6 декабря 2021

ОшМУнун журналистика кафедрасы Оштогу мугалимдери, окуучулары, медиа тармагына кызыккан жаштар үчүн форум өткөрдү

ОшМУнун журналистика кафедрасы Ош шаарындагы жана Ош облусундагы мектеп мугалимдери, окуучулары, медиа тармагына кызыккан жаштар үчүн форум өткөрдү.

Медиафорумда жаңы медиа жана форматтар, пост чындыгы, маалымат коопсуздугунун эрежелери, сынчыл ой, маалымат жаратуу, жеке жана коомдук гигиена, социалдык медиа боюнча маалыматтар берилди. Мындан сырткары, журналистика кафедрасынын окутуучулары тарабынан социалдык тармакта пикир алышуунун этикети, жаңы медиа доорундагы маалыматтык стандарттар багытында мастер-класстар өтүлдү.

Форумдун алкагында 8-декабрь — Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата студенттер арасында эң мыкты телерепартаж даярдоо боюнча сынак жарыяланып, студенттерден 20дан ашуун материалдар келген. Жыйынтыгында мыкты деп табылган эмгектерге дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Буга чейин журналистика кафедрасы түштүк чөлкөмүндөгү журналист болууга кызыкдар жаштар үчүн «Болочок журналисттер» форумун өткөргөн. Учурда адистикте студенттерди журналистиканын түрдүү багыттарында билим берип, тарбиялап келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть