17:08 7 декабря 2021

Чет элдик китептерди кыргызчага которуп, окурмандарга сунган Бакытбек Абдуллаев ОшМПУда болду

«Креативдүү мектептер», «Икигай», «Фин керемети», «Кылычсыз Самурай» китептерин чет тилдеринен кыргызчага которуп, окурмандарга сунган Бакытбек Абдуллаев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Жаратман» чыгармачылык борборунун кезектеги коногу болду.

Семинар «Глобалдык атаандаштык үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» деген темада болуп, заманбап билим берүүнү өздөштүрүү боюнча кенен маалыматтар айтылды.

Баланы туура тарбиялоо, мектептик билим берүү системасы, кесипкөй адис болуу тууралуу мотивациялык түшүнүктөр берилип, тренер менен студенттер эркин форматта суроо-жооп менен темага байланыштуу маалыматтарды талкуулашты.

Бакытбек Абдуллаев учурда «Китепстан» басма үйүнүн директору, китеп дүйнөсүнө көптөгөн окурмандарды чакырып, кызыктуу, креативдүү китептерди кыргыз тилине которуп, өлкөнүн билим берүү чөйрөсүнө чоң салым кошуп келүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть