Ош технологиялык университети Россиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташууну улантууда.
Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлдөрү окуу жайга иш сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.
Алгач келген өкүлдөр ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты, доцент Жумакадыр Матисаковдун кабыл алуусунда болуп, эки тараптуу кызматташуунун жана эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, окутуучулар жана студенттер арасында академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдерди түзүү маселелери сүйлөшүлдү.
Мындан сырткары, университеттин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров менен жолугушуп, студенттерди кош дипломдуу кылуу маселесин талкуулашты.