Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин дарыгерлери менен бирегеликте «Ден соолугу чың адам — өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашырууда кыздар арасында репродуктивдик тукум улоо, ден соолугуна кам көрүү жөнүндө студент кыздар үчүн семинар уюштурулду.
Семинарда райондогу дарыгер-гениколог Максат Чокморова жана дарыгер-терапевт Айнура Молдошбаева баяндама жасашып, студент жаштардын суроолоруна жооп беришти.