Ош технологиялык университетинин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттери «Тазалык — университет үчүн, университет — биз үчүн!» урааны астында окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты.
Студенттер окуу жайдын айланасын тазалашып, топтолгон таштандыларды таштанды таштоочу жайга жеткиришти. Натыйжада көптөгөн жерлер күзгү жалбырактардан тазаланды.
Ишембилик Жаштар комитетинин демилгеси менен өткөрүлдү.