15:35 14 декабря 2021

ОшМПУнун колледжинде Улуттук адабият күнүнө карата адабий кече болуп өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата «Акпай калды деңиз болчу мөл булак, жанбай калды өчпөй турган шам чырак» аталышында адабий кече болуп өттү.

Аталган кече «Башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил» кафедрасы тарабынан 6-декабрдан 12-декабрга чейин пландалган «Түбөлүктүүлүк сапарында жашаган адабият алптарынын сөз кереметине ширелишкен көркөм дөөлөттөрү» аттуу декаданын алкагында кафедранын окутуучусу Эртөштүк Жумабаевдин жетекчилиги астында Бк-21к3 тайпасы менен биргеликте уюштурулган. Мында студенттер адабияттын алптары болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан көрүнүш аткарып, Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан поэзия окуп, тарыхый инсандарды эскеришти.

Муну менен катар аталган улуу инсандар боюнча маалыматтар берилип, өмүр баяны, чыгармачылык ишмердүүлүктөрү баяндалды.

Жыйынтыгында «Башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил» кафедрасынын башчысы Токтокан Осекова иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн жана азыркы жаштардын адабиятка болгон кызыгуусу күчөп баратканын белгилеп, катышуучуларга, уюштуруучуларга жетекчиликтин атынан ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть