16:10 14 декабря 2021

ОшМПУ менен алыскы райондордогу мектептердин алакасы бекемделүүдө

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмүнүн кезектеги сапары Баткен облусунда болду.

Мында Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Баткен шаарынын билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен районунун директорлору менен жолугушуу болуп, мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу менен мектеп окуучуларын ЖРТга даярдоого келишимдер түзүлдү.

Келишимге ылайык, мындан ары аталган аймактагы мугалимдерге окуу жай тарабынан көчмө семинарлар жана чейрек аягындагы дем алыш учурларында университеттин өзүндө мастер-класс, тренингдер уюштурулары макулдашылды.

Мындан тышкары, бүтүрүүчү класстын окуучуларын ЖРТга даярдоо боюнча да бир топ пландар түзүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери Ош мамлекеттик педагогикалык университети мектептеги көйгөйдү жакшы билип, чыныгы педагогдорду даярдаган жогорку окуу жай катары үзгүлтүксүз иш алып барууга кызыкдар экенин билдиришип, келечек муундар үчүн биргеликте билим берүүнү алга сүрөө үчүн кандай гана аракеттер болбосун, колдоорун белгилешти. Ошону менен катар университеттин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү ушул убакытка чейин мугалимдер менен тыгыз иштешип, алардын билимин жогорулатууга салым кошуп келе жаткандыгы үчүн бөлүмдүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаеванын эмгеги баса белгиленип, бөлүмгө ыраазычылык айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть