16:13 14 декабря 2021

ОшМПУда «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 4-декабрь — «Манас» күнүнө карата факультеттер аралык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Жаштарды билим алууга үндөгөн бул акыл таймашка университеттин бардык факультеттеринен 1ден команда катышты. Оюндун жүрүшү «Манас» бөлүмү, жер-суу аттары, күтүлбөгөн суроо, макал-лакаптар менен коштолуп, катышуучулар бир топ кызыктуу маалыматтарды ала алышты.

Акыл таймаш кызуу уланып, калыстар тобунун чечими жана командалардын алган упайына ылайык, 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин «Чыгаан» командасы, 2-орунду гуманитардык факультетинин «Аруунур» командасы, ал эми 3-орунду табият таануу жана география факультетинин «Көкжал» командасы багындырышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан жана жеңүүчү аталган командалар уюштуруу тобу тарабынан сыйланып, диплом жана белектер тапшырылды.

Аталган иш-чара ОшМПУда өтүп жаткан 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата «Күйүттөн үмүткө: Айтматов жана Осмонов», жана 4-декабрь — «Манас» күнүнө карата жарыяланган жумалыктын алкагында Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть