Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин «Энергетика» кафедрасына материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жаңы 7 лабораториялык жабдуу алынды.
Заманбап техникалар энергетика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн пайдаланууга берилди. Лабораторияда студенттер китептен окуп-үйрөнгөндөрүн практика түрүндө көрүп-өздөштүрүшөт. Мындай шарттар студенттердин жетишерлик деңгээлде сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлдү.