18:46 13 декабря 2021

ОшТУда «Аалам алпы — Айтматов» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин Жаштар комитети тарабынан Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган «Аалам алпы — Айтматов» аттуу залкар жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылык ишмердигине арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышып, таланттуу студенттер тарабынан Айтматовдун өмүрү жана чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ч.Айтматовго арналган ырлар окулп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, монолог аткарылып, адабий-обондук кече уюштурулду.

Иш-чаранын максаты студенттердин жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө билимин жогорулатуу, чыгармаларына кызыгууну жаратуу, жазуучунун кыргыз жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын урматтоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттер аралык сынак өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.

Көркөм окуу:

  • 1-орун — Шергазы кызы Мираида
  • 2-орун —  Куштарбек кызы Айчүрөк
  • 3-орун —  Жумабай кызы Адина

Монолог:

  • 1-орун — Кадырбеков Элтуран
  • 2-орун — Абдикаримов Акжол
  • 3-орун — Сарыбатова Элиза

Сүрөт сынагы:

  • 1-орун — Сарыбаев Жумакадыр
  • 2-орун — Абдималик кызы Айназик
  • 3-орун —  Эмилбек кызы Наргиза, Бөжөков Жеңишбек.

Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга ардак грамоталар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть