Ош технологиялык университетинин «Дене тарбия» кафедрасынын окутуучусу, ОшТУнун ардактуу профессору, КРнын дене тарбия жана спорт отличниги, КР эл агартуусунун отличниги, КР спорттун ардагери, Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы Кенжебаев Маматали Абдыкалыковичке Ош шаарынын жана Ош облусунун Кыргыз күрөш федерациясы ыраазычылык билдирди.
Ыраазычылык кат Ош шаарындагы Кыргыз күрөш федерациясынын спортчуларынын деңгээлин көтөрүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү жана кыргыз спортуна кошкон олуттуу салымы, активдүү эмгеги үчүн берилди.