13:17 16 декабря 2021

ОшТУда окутуучулар жана кызматкерлер арасында бильярд боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз уюму жана Бильярд клубу тарабынан университеттин окутуучулар жана кызматкер мырзаларынын ортосунда бильярд боюнча биринчилик болуп өттү.

Мелдешке жалпысынан 40ка жакын мырзалар катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу Турдали уулу Кубаныч, 2-орунду информатика кафедрасынын окутуучусу Джороев Туйгунбек, 3-орунду автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин декан, профессор Болот Жоробеков ээлеп, уюштуруучулар тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын сый тамак уюштурулду.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

Мелдеш акыркы 15 жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть