Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук прокуратурасы менен биргеликте Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган иш-чара уюштурулду.
Алгач иш-чара Өзгөн районунун прокурорунун улук жардамчысы М.Исабаевдин Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамы, кылмыш жоопкерчиликтери туурасында семинар сабагы менен башталып, суроо-жооп мазмунунда уланды.
Андан кийин «Жаштар коррупцияга каршыбыз!» деген темада студенттер тарабынан жазылган дилбаяндар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Студенттер Турдубаев Субидин 1-орунду, Джолдошбаева Айзада 2-орунду, Календер кызы Гүлмира 3-орунду ээлеп, Өзгөн районунун прокурору Н.Матисаковдун ыраазычылык каттарын алышты.
Иш-чаранын соңунда студенттер даярдаган флешмоб тартууланды.